Menu

Милиция кызматкерлери тарабынан Манас районунда оор кылмышка шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 1-июль күнү саат 20:30 чамасында Манас районунун Пакровка айылында киши колдуу болуп өлгөн адамдын сөөгүн табышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Тез арада окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишине иликтөө ишин жүргүзүшүп, кылмыш болгон жер текшерилген. Өлгөн адамдын өздүгү такталып, ал ушул айылдын жашоочусу 57 жаштагы К. Ж. аттуу жаран экени такталган. Текшерүүгө керектүү экспертиза дайындалып, божомолдоо боюнча кылмыш ишинин келип чыгышы мас абалында урушуп кетишкендиги себеп болгон. Жабырлануучунун денесине оор жаракаттар келтирилип, ошол замат мерт кеткен. Облустук жана райондук патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй элегинде качууга ниеттенип жаткан шектүү жаран кармалган. Шектүүнүн өздүгү такталып, Манас районунун 69 жаштагы Ю. В. атту жашоочусу кармалып, ал мурда да сот жообуна тартылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: