Menu

2017-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча Өкмөттүн программасы бекитилди

Бөлүшүү:

«Калктуу конуштардын башкы планы – шаарларды жана калктуу конуштарды келечекте  өнүктүрүүнү аныктоодо башкы стратегиялык документтердин бири болуп саналат.

Шаарлардын жана калктуу конуштардын иштелип чыккан планы жерди туура пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  3-июнда, 2017-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча Өкмөттүн программасын талкуулоо учурунда билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү таратты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, программа 2018-2022-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын аймактык саясаты Концепциясына ылайык ишке ашырылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында 2017-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча Өкмөттүн программасынын бет ачарын  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочаров  көрсөттү.

Ал белгилегендей, башкы планды иштеп чыгуу программасынын максаты Кыргыз Республикасынын шаарларын  жана калктуу конуштарын туруктуу өнүктүрүү үчүн тийиштүү заманбап шарттар менен  камсыз кылуу  зарылдыгы  болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө  шаарлардын жана калктуу конуштардын башкы пландары эскирген. Башкы пландын жок болушу жер-жерлерде долбоорлоо иштерин иштерин жүргүзүү үчүн системалуу пландоо жана чечимдерди кабыл алууда зарыл болгон техникалык маалыматтарды алууда мүмкүнчүлүк бербейт», — деп белгиледи Урматбек Кокочаров.

Азыркы учурда болгону сегиз шаарда  Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Көл, Кара-Суу жана Өзгөн шаарларынын  башкы пландары бекитилген.

Баткен, Кызыл-Кыя, Талас, Токтогул жана  Кара-Балта шаарларынын жаңы башкы планы иштелип чыгууда. Калган он сегиз шаарда башкы планды  иштеп чыгуу жана камсыз кылуу зарылдыгы бар.

Кыргыз Республикасында калктуу конуштардын жалпы саны 1914 түзөт. Анын ичинен 46 калктуу конуш шаарлардын курамында жайгашкан.  1837 айылдык калктуу конуштагы  185 айылдын башкы планы бекитилген. 643 айылдын  башкы планына оңдоолорду киргизүү талап кылынат, жана республикадагы 633 айылдык  калктуу конуштардын жаңы башкы планы иштелип чыгат.

Өлкө боюнча жалпысынан 1276 айылдык калктуу конуштардын жана шаарлардын башкы планын белгиленген тартипте иштеп чыгуу зарыл.

2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын башкы план менен камсыз кылуу  программасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттен эсебинен ресурстук жактан камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар   аймактардын социалдык-экономикалык абалын  жакшыртууда пландалган жыйынтыктарга жетишүү боюнча системанын максатын, милдеттерин жана механизмдерин карайт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдар аралыгында региондорду өнүктүрүүнү аныктаган аймактык саясат Концепциясынын алкагында  республикадагы 20 шаардын башкы планын биринчи кезекте иштеп чыгуу маселесин аягына чыгарууну тапшырды.

Өкмөт башчы шаарлардын жана калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууда анклавдардын жана өндүрүштүк мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгү токтоп, адистер башка аймактарга кетип калган  онго жакын кризистик шаарлар –  Сүлүктү, Таш-Көмүр,  Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Орловка, Кайынды, Кемин, Шопоков, Балыкчы шаарларынын маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Программанын аткарылышы архитектура-шаар куруу ишмердүүлүгү тармагындагы  мамлекеттик  саясатты ишке ашырууну  камсыз кылууга жол ачат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Программаны ишке ашыруу үчүн 2025-жылга чейин калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга жана жыйынтыктоого жыл сайын 50,0 млн. сом бөлүү боюнча тапшырма берилди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана өкүлчүлүктүү аткаруучу органдарына тийиштүү калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгуу боюнча заказчик катары чыгууга жана башкы планды иштеп чыгуу үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттарды кароону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: