Жапалак аймактык башкармалыгында 27-июнь күнү саат 17:32 чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз агып кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Издөө иштерине ӨКМ Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 12 куткаруучу жана Ош шаарынын куткаруу кызматынан 12 куткаруучу тартылып бирок натыйжа болгон эмес.
Издөө иштери 29-июнь күнү кайрадан улантылып жыйынтыгында Ак-Буура дарясынын төмөн жагынан 6 жашар Д.Т. жансыз денесин табышып милицияга өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ