Баткен районунун Актатыр айыл аймагында 2017-жылдын 2-июль күнү саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Рават айылында тоолордон сел түшүп, турак-үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул туурасында ӨКМдин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Баткен райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан 2-июль күнү Актатыр айыл аймагында катталган селдин кесепеттерин тактоо иштери жүргүзүлгөн. Анын жайынтыгында Рават айылында селден 3 уй, 2 эчки агып, 5 метр таза суу түтүкчөсү бузулган. Андан сырткары 5 турак жайдын короолоруна сел суулары кирген, 1 чакырым ички чарбалык арык, 3 чакырым ички чарбалык жол ар жеринен сел калдыктарына толгон. Тактоо иштери улантылууда. Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундардан 20 адам, райондук Суу чарба башкармалыгынан 1 грейдер тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ