Menu

С. Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине калкка мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта сунуштоо боюнча иштерди уюштурууну тапшырды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн талкуулоонун жүрүшүндө аталган комитетке калкка мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта сунуштоо боюнча иштерди уюштуруу процессин активдештирүү керектигин тапшырды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы белгилегендей, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бир жылдык ишмердүүлүгүндө бир топ жыйынтыктарга жетишти, бирок ошол эле маалда электрондук кызматтарды пилоттогон жана алынган маалыматтар менен электрондук форматта бөлүшө турган ведомстволор аралык биргелешкен электрондук система “Түндүк” долбоорун өз убагында ишке ашырган жана электрондук мамлекеттик кызматтарды киргизе турган мамлекеттик органдардын жана комитеттин иши жетиштүү эмес деп билдирди.

Жыйындын жыйынтыгы менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине маалыматтык технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүү, оптика-волокондук байланыш чубалгыларынын базасында байланыш магистралдык зымдарын куруу жана жарандарды маалымат менен камсыз кылуу боюнча иштерди активдештирүү керектигин тапшырды.

Мындан тышкары 2017-жылдын 15-сентябрына чейин министрликтер менен ведомстволор биргеликте «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара байланыш маалыматтык системасын толугу менен ишке киргизүүнү өткөрүү жана практикалык жактан ишке ашуусун камсыз кылуу тапшырылды.

2017-жылдын 15-сентябрында калкка электрондук форматтагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жараянын көрсөтүү, 2017-жылдын 1-сентябрынан электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын ишке киргизүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жана 2017-жылдын 1-октябрына чейин санариптик телекөрсөтүүлөргө толук өтүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү министрликтер менен административдик ведомстволорго эки айлык мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети түзгөн электрондук форматтын тизмесине ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр регламентине тийиштүү өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: