Menu

Ташкенттен Ысык-Көлдүн Тамчы аба майданына түз аба каттамы ачылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды. Бүгүн ичинде 190 жүргүнчүсү бар өзбекстандык учак Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун аймагындагы Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аба майданына келип конду.

Diplomatic VIP and Travel Service компаниясы мурда маалымдагандай, “Өзбекстан аба жолдору” компаниясы ар шейшемби сайын 190 орундуу Боинг–757-231 учагы менен Ташкент–Тамчы–Ташкент каттамын аткарат.

Учуу убактысы – бир саат 20 мүнөт. Бул рейстер жайкы туристтик сезон маалында – август айынын аягына чейин аткарылып турат. Көл аймагынын туристтик чарбалары бул кабарды жылуу тосуп алышты.

Жаңы каттамдын ачылышы Өзбекстандагы жаңы президенттин шайланышынан кийинки Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелеринин чыңдала башташынын дагы бир ишаарасы катары кабыл алынууда.

2003-жылы 9-августта ачылган Тамчы эл аралык аба майданы буга чейин да бир катар эл аралык аба каттамдарын кабыл алып келген.

Ысык-Көл аймагына туристтер негизинен автоунаа жана поезд менен келишүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: