Menu

Ашхабаддагы жаңы аялдамаларды колдонууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Ашхабаддын борбордук көчөлөрүндөгү кондиционерлер менен жабдылган жаңы аялдамалар жабык бойдон турат. Шаар тургундарынын айтымында, транспорт күткөн жүргүнчүлөр аптапта аларды колдоно алышкан жок. Мындай аялдамалар Ашхабадда ондоп саналат, баары тең жабык.

Акыркы жылдары курулган заманбап аялдамаларда кондиционерлерден тышкары телевизор жана табигый гүлдөр дагы бар. Бирок кырк градуска жеткен ысыктан жүргүнчүлөр аялдаманын тышында же бак-дарактардын көлөкөсүндө коргонууга аргасыз.

“Аялдамалардын курулушуна ири каражат жумшалган. Бирок жүргүнчүлөрдү ал жакка киргизишпей жатышат. Анда мындай аялдамалардын эмне кереги бар?”,-деди жергиликтүү тургундардын бири.

Айрым аткаминерлердин айтымында, Азия-2017 оюндарына чейин аялдамаларды жабык кармоо боюнча көрсөтмө берилген. “Жогорку жактагы жетекчилик аларды жабык кармоону талап кылууда. Эгер жүргүнчүлөрдү киргизсек, алар булганып калат. Сплит-системалар бузулуп, иштен чыгышы мүмкүн. Азия оюндары башталып, коноктор келгенде ачабыз деп айтышкан”,-деди чиновниктердин бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: