Menu

“Ак-шумкарчыларды” Элмира Ибраимова жеңишке жетелейт…

Бөлүшүү:

“Ак Шумкар” партиясынын шайлоо алдындагы штабын белгилүү коомдук ишмер Элмира Ибраимова колго алды.

Биздин баамыбызда, Темир Сариев штабга Элмира Ибраимованы дайындап, алдыга жылуунун жаңы үлгүсүн көрсөткөнү туру. Бир четинен бул вариант деле жөндүү. Себеби, Элмира Султановна аялзатынан чыккан чынчыл, чыгаан мамлекеттик ишмер катары бааланат. Анын үстүнө “ак-шумкардын” штабын аял кишинин башкаруусу дагы коомчулук үчүн жылуу кабылданары шексиз.

Эске сала кетсек, Элмира айымдын атасы Султан Ибраимов жогорку кызматтарды жетектеп, Кыргызстандын түндүк-түштүгүнө тең эмгек сиңирген, өз учурунда эбегейсиз кадыр-баркка ээ болгон инсан болгон. Азыркы улуу муундагылар ал кишинин зоболосун баалап, мамлекет үчүн опол тоодой иштерди жасаганы үчүн сыйлашат. Ток этери, ата баркы аздектүү эмеспи, “ак-шумкарга” да жарыгы тийсе керек…

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: