Menu

Араб өлкөсүнө карай сапар

Бөлүшүү:

КСДП  президенттикке талапкерликке  Сооронбай Жээнбековду чыгарууга ниеттенүүдө.  Анын алсыз саясатчы  болгону аз келгенсип, короо толо туугандары бар. Айрыкча, алардын бири, тагыраак айтканда, өзү эмес, артында турган күчү билгич адамдарды кабатыр кылууда. Ал Жусупбек Шарипов – Кыргызстандын Кувейттеги,  Иорданиядагы жана Мароккодогу толук ыйгарым укуктуу элчиси.

Жусупбек мырза өткөн жылы Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы жана Египеттеги элчи болгон. Анын демилгеси аркылуу Катар менен мамилебиз бекемделди. Тагыраак айтканда, учурда “Аль Каида” жана “ИГИЛ” террористтик уюмдарын “каржылык жактан камсыздайт” деп айып тагылып, бир катар мамлекеттер мамилесин үзүүгө жетишкен кадимки Катар мамлекети менен биз тескерисинче, байланышыбызды чыңдап алганбыз. Акыркы бир нече жылда элчибиздин аракетинен президент, премьер-министр бул араб өлкөсүндө болуп кайтышты. А Кыргызстандын элчилиги Дохада ачылып, Катардын элчилиги Бишкектен орун алды. Бирок, мындай тыгыз байланыштын шарданы менен жергебизде мечиттердин санынын өскөнүн эске албаганда, мамиледен өлкөбүз эч кандай пайда алган жок. Демек, карапайым жарандарды араб дүйнөсүнүн таасири жыл өткөн сайын терең тартып баратат.

Талдап келгенде, премьер-министрдин бир тууган агасы – өз кезегинде мамлекетти араб дүйнөсүнө туташтыруучу көпүрөлүк милдетти аткарууда. Мындан мурда Кыргызстанды эл аралык аренада бирде Афганистан, бирде Күрдистан менен ыктыярдуу кошулган мамлекет деп таанууга аракеттер болгон. Биз дүйнөнү террористтер менен эч кандай байланышыбыз жоктугуна ынандырууга канча аракеттенип, жан үрөдүк. Акыркы жыл бул жаатта биз үчүн ийгиликсиз болду деп айта алабыз. Террористтердин тамыры бизден табыла баштады.

Айрымдар кеп тууганчылыкта эмес, Жээнбековдордун үй-бүлөсүндөгү жогорку кызматтарда отурган ар бири баарына өз күчү менен жеткен дешет. Бирок, эмнегедир “баары акылдуу, жөндөмдүү болуп калганына мен күнөөлүүмүнбү? Эмне, эми алар иштебей коюшу керекпи?” – деген сөз кулакка жаңырат. Бул сөздү кайрадан угуп калбасак эле болгону. Аны бир кездеги президент Курманбек Бакиев көп сандаган туугандары кызмат орундарын ээлеп алганын түшүндүрүп атып, айтпады беле. Кийин, чакчалекейи чыгып, өлкөдөн качышты. Мындай сөздүн артында эмнелер тураарын биз абдан жакшы билебиз да.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: