Menu

Оштун элин таң калтырган Асел аттуу кыз сойкуканадан табылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абаддын Москва көчөсүндө жайгашкан саунадан сойкулук кызмат көрсөтүп жаткан жаш кыздар кармалды. Жергиликтуу милиция кызматынын кабарлоосуна караганда, Ош шаарынын тургундары сойкуканадан качты деп кубалагандардан куткарып калган 19 жаштагы Асел аттуу кыздын арызы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп баштаган. Анын алкагында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1-июлда саат 23:00 чамасында саунадан өз денесин сатуу менен алектенип жүргөн 4 кыз кармалган. Алардын арасында Асел да бар болуп чыкты. Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын тургундары чала тааныш адамдар белгисиз жакка алып кетип бараткан 19 жаштагы кызды куткарып калганы маалымдалган. Окуя 30-июнда саат 22:00-22:30 чамасында болгон. Маалыматтар боюнча, Ош шаарынын Ж.Райымбеков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чуркап чыккан кыз элдерден жардам сурап кыйкырган. Ал кызды Ош шаарынын борбордук базары тарапта жүргөн адамдар курчоого алып, мажбурлап алып кетүүгө аракет кылган адамдардан куткарып калышкан. Катуу коркуп калган кыз Ноокат районунда жашай турганын айтып, өзүн 19 жаштагы К.Асел деп тааныштырды. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы эжесинин үйүнө бара жаткан. Орто жолдон тааныш кызы Ошко алдап алып келген. Окуядан кийин Асел: «Мен Жалал-Абад шаарындагы гипермаркетте иштейм. Мени жолдон Мика деген тааныш кыз белгисиз унаага салып, Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү бир бөлмөлүү батирге чай ичип, эс алабыз деп алып кирди. Ал жерден жүрөгүм бир нерсени сезип, коркуп качып чыктым. Артымдан тааныш кызым чуркап чыгып, мени күч менен батирге карай тарткылап жатканда элдерден жардам сурап кыйкырдым” – деп жооп берген. Асел сойкулук менен алектенип жүргөнбү же алектенүүгө дуушар болгонбу, аны тергөөнүн жыйынтыгы көргөзөт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: