Бир катар массалык маалымат каражаттары жазган Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн жашоочусу Кызжибек Мариповага тармактык министрликтер тарабынан жардам берилет. Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова аталган үй-бүлөгө медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү расмий сайтына жарыялады.
Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кызжибек Мариповага жана анын балдарына зарыл болгон медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ