Menu

Базар-Коргондо заманбап мечит ишке берилди

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылында заманбап үлгүдөгү жаңы  мечит үч бөлмөлүү медресеси менен  пайдаланууга берилди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул боюнча райхатибияттын катчысы Бектур Саттаров билдирди. Мечиттин ачылыш аземине ЖК депутаты Мирлан Бакиров, Базар-Коргон районунун  акими Айбек Карыбекович, Базар-Коргон районунун  баш имам хатиби  Тынчтык ажы Шаиков, имамдар, алыс жакындан келген коноктор жана жергиликтүү эл катышты. Саамалык алкагында райхатиб  Тынчтык ажы Шаиков мечиттин ачылышы менен жергиликтүү элди куттуктап, мечит элди биримдикке чакырган ыйык жай экендигин айтып, мечиттин фазилеттерин түшүндүрүү менен беш убак намазды дайыма жамаат менен окууга үндөп кетти. Ал эми коноктор айыл жашоочуларын куттукташып, элди биримдикке чакырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: