«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун эки буту тең коалицияда болгону менен жүрөгү башка жакты самагандай болуп, өз партиясынан шайлоого талапкер чыгара албаганына тымызын түрдө кабыргасы кайышып, саясаттагы үзөңгүлөштөрүнөн артта калууда. Эки жагын таразалагандан соң, баары бир шайлоодо Сокенин утуп чыгарын алдыртан сезип, бийлик менен гана иштешүүнү чечкенин эшиттик. Башка аргасы жок. Анүстүнө, «Бир Болдогу» кесиптештери Акылбек Жапаров, Игорь Чудиновго кылмыш иштери козголгону да маанайын түшүрүп койду. Оппозицияга оогондон пайда жок экенин Алтыке түшүнүп турат, коалициядан чыкса «майталкандан» ажырайт, өзүнө да жагымсыздык түзүлүшү мүмкүн. Мындай шартта көңүлү жок болсо дагы бийликти көгөрө колдобоско айласы жок экенин түшүнүп турабыз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ