КСДП депутаттарынын ичинен таасирдүү персона катары Аалы Карашевдин өзүнчө орду бар. Буга чейинки шайлоолордо Ош аймагында жемиштүү иштеп, партия үчүн чоң салымдарын кошуп келген. Азыр болсо Аалы мырза чайналып, чын жүрөгүнөн КСДПнын талапкерин ачык сүрөп чыгууга даабай атыптыр. Себеби, Жээнбековдордун кланы менен Карашев башынан каршылашып келгени, тар чөйрөдө тирешүүсү боюнча да маалыматтар бар. Эми кантет? Аныгында, Алмазбек Атамбаевдин айтканынан ары кете албай, аргасыздан электоратын бурабы, же Сооронбай Жээнбековго каршы иштейби? Ток этери, азырынча бир чечимге келе албай ичтен убара тартканы жагынан кептер кызыды…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ