Жасанып-түзөнгөн, «ботаник» сымал көз айнек тагынган, интернет айдыңында өзүн өлөрчө даңазалаган бир талапкер «жылтырай» түшкөн эле. Алгач «Талатбек Масадыков таасирдүү каршылаш болобу?» дегендей ой пайда болгонун да жашыра албайбыз. Тилекке каршы, ал майда сөзгө алдырган, «арзан пиардын» артынан түшкөнү байкалууда. Аз күн мурун Масадыков БШКга талапкер катары кагаздарын өткөзүп, анан аталган имараттын астынан сүрөткө түшүп, социалдык түйүндөргө чагылдырганга жетишти. Ап, баракелде! Президент болчу адам кичине оор салмактуу болуп, саясый жүрүштөрүн салмактап таратпайт беле? Оозунда омоктуу сөзү жок, айтор, алдастай баштады. Кимдин ким экенин бат эле билип, таразалап коймой жайыбыз бар. Талатбек деле катардагы Турсунбектен ашпаган бир байкуш окшойт…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ