Menu

Баткенде катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү

Бөлүшүү:

Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында 2017-жылдын 4-июлунда жааган жамгырдын кесепетинен Коргон жана Ак-Терек айылдарындагы тоолордон сел түшкөн. Бул туурасында ӨКМ билдирет.

Сел 17 турак-жайдын короолоруна жана 2 сарайга кирген. Андан сырткары 1,4 чакырым ички чарбалык арыктар, 1,7 чакырым ички чарбалык жол ар жеринен сел калдыктарына толгон. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

4-июль күнү райондук Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, тазалоо иштери 5-июлда башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: