Өткөн саныбызда ИИМдин 1-орун басары, генерал Сүйүн Өмүрзаковдун 1-июль туулган күнү экенин коомчулукка кулак кагыш кыла куттуктаган элек. Материал жарык көргөнү каарманыбызды куттуктагандардын аягы тыйылбай, жакшы маанай тартууланганы кабарланды. Атургай президент Атамбаев да генералды өздүк майрамы менен куттуктап, ат кошчулары аркылуу баалуу саат, ыйык китептерди белек катары берип жибергени каңкууланды. Табиятынан жупунулукту жактырган Сүйүн Өмүрзаков туулган күнүнүн урматына ашыкча шаан-шөкөткө берилбей, жакын досторунун кучагында борборубуздагы чайканалардын биринен аш демдетип, көк чайдан ичип тарашканынан кабардар болдук. Келечектеги министр болчу инсанга ушундай эле жүрүш жарашат да.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ