Menu

Кыргызстанда 2018-жылдын январында “CASA-1000″ долбоорунун алкагында жаңы электр өткөрүү линиясынын курулушу башталат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 2018-жылдын январында “CASA-1000″ долбоорунун алкагында жаңы электр өткөрүү линиясынын курулушу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан  «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинде билдирди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Саммитке  бардык кызыктар тараптардын өкүлдөрү катышууда. Булар – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри  Наваз Шариф, Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани. Мындан тышкары эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө катышууда.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өз  сөзүндө белгилегендей, Кыргызстан менен  Тажикистан жай мезгилинде  ашыкча электр энергияга ээ болот, ошол эле учурда Пакистан менен  Афганистанда  тескерисинче тартыштык жаралат. Мындан улам жылдын бул мезгилинде электр энергиясын экспорттоо долбоордун бардык катышуучулары үчүн өз ара пайдалуу. Буга байланыштуу бир жыл мурда Дүйшөмбү шаарында болуп өткөн долбоорду ишке киргизүүнүн расмий аземинен тартып, Кыргызстан сезилээрлик маанилүү иштерди жүргүздү –деп маалымдады Сооронбай Жээнбеков. Анын ичинде электр энергиясына,  курулушка чыгымдалган тарифтин  баасы коюлду, жергиликтүү коомчулукту колдоо механизмдери аныкталды, негизги долбоордук макулдашууга кол коюлду.

“CASA-1000″долбоорунун бардык объектилери боюнча сатып алуу жараяны жүргүзүлүүдө » – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков. Анын сөзүнө караганда Кыргызстандын аймагында узундугу 450 чакырымды түзгөн 500кВТ электр өткөрүү линиясын куруу пландалууда. Курулушту 2018-жылдын январында баштоо сунушталууда. Узундугу 125 километр болгон биринчи тилке боюнча конкурстук кайрылууларды баалоо жүргүзүлүүдө. Аны ишке ашырууга Ислам Өнүктүрүү  Банкынын каражаты сунушталды.

325 километр экинчи тилке боюнча сатып алуулар процессин баштоо күтүлүүдө. Каржылоо Бүткүл Дүйнөлүк банктын жана Европа Инвестициялык банктын каражатынан жүргүзүлөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун алкагында тендерлер ийгиликтүү жүргүзүлөрүнө жана  келерки жылдын январь айында электр өткөрүү линиясынын курулушу башталарына ишенимин билдирди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Кыргызстанда курулушка көзөмөл жүргүзүүгө компания тандалып алынды. Ошондой эле экологиялык экспертиза жана социалдык чөйрөгө таасирин баалоо жүргүзүлүүдө.

Сооронбай Жээнбеков дагы бир маанилүү жагдай, келечекте электр өткөрүү линиясынын  боюнда жашаган жергиликтүү коомчулуктун колдоосун атады. Бул максатта Кыргызстанда  программа иштеп чыкты  жана аны ишке  киргизүүнүн механизмдери дыкат каралууда. Ошондой эле Кыргызстандын  Өкмөт башчысы самиттин катышуучуларын  ”CASA-1000″ долбоорун жакынкы аралыкта  ишке ашырууга киришүүдө бардык зарыл болгон аракеттерди тездетүүгө чакырды.

Сооронбай Жээнбеков “CASA-1000″ долбоору жыйынтыгында Афганистандын гана  дүйнөлүк өнүгүүсүнө эмес, бардык катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык туруктуу өнүгүүсүнүн жагымдуу фактору катары кызмат кыларына өзгөчө басым жасады.

Кыргызстан менен Тажикистан энергетикалык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Өз кезегинде  Афганистан жана  Пакистан өтө муктаж болгон электр энергиясына болгон тартыштыкты жабат.

Сөзүнүн аягында  Сооронбай Жээнбеков “CASA-1000″ долбооруна  колдоо көрсөткөндүгү  үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр: Дүйнөлүк банк, Ислам Өнүктүрүү банкы, Европа  Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы, Европа Инвестициялык банкы, АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттигине жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча департаментине ыраазычылыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: