Базар-Коргон районунун Арсланбап айыл аймагында 2017-жылдын 5-июль күнү саат 08:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кызыл-Алма участкасында Кара-Арт тоосунан сел суулары агып, Арстанбап айылы менен Достук лагерин байланыштырган ички чарбалык көпүрөнүн астын толтуруп суу айланып агып калган. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.
Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн Арсланбап токой чарбасынан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, жумуш саат 21:20да аяктаган.
Аталган көпүрө 2000-жылы узундугу 4 метр туурасы 3,5 метр райондук профсоюз комитети тарабынан ашар жолу менен курулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ