Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган сапарынын алкагында Алай районунун тургундары менен да жолукканы маалым. Анда жаңы бала бакчанын ачылыш аземи өтүп, тоолуу аймактарда бала бакчалардын курулушун көбөйтүү маселеси да талкууланды. Мына ошондо жергиликтүү калк премьерди өтө жогорку деңгээлде тосуп, аксакалдар ак батасын берип, Алай районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарышты. Мындай салтанатты көргөн алайлык тыңчыкмалардын ичтеринен кан өтүп кете жаздабас бекен? Учурда элдин аң-сезими өскөн, убагында кары-картаңдардын, бөбөктайлардын ырыскысына суук колун салып, мультимиллионерге айлангандарга караганда, баскан жолу таза, ыймандуу, мамлекетчил инсанды колдоп алганга дарамети жетет эмеспи.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ