Menu

Бейшенбек Абдырасаков, экс-депутат: “Кыргызбыз да, баары табиятынан башкарганды, папка көтөргөндү жакшы көрөт…”

Бөлүшүү:

Экс-депутат Бейшенбек Абдырасаков менен Кыргызстандагы саясый кырдаал, жакындап келе жаткан президенттик шайлоо жана аттанып жаткан талапкерлер тууралуу ой бөлүштүк.

– Бейшенбек мырза, президенттик такты каалагандар эмитен эле укмуштуудай убадаларды берип, элдин ишенимине  кирүүнүн жолун издей башташты. Алар берген убадалар аткарылат деп ишенсек болобу?

– Ар бир шайлоонун алдында адаттагыдай эле бир ай элди алдап, тирдүү убадаларды беришип, “БЕЙИШКЕ”” чыгарышат. Бекер тамак, арак, белек-бечкек, концерт, акча беришет. Кыскасы, элдин добушун алуу үчүн болгон аракеттерин жасашып, кулагына “лапша” илишет. Бекер окуу, свет, дарылоо, транспорт бардыгы бекер болот дешет.

Негизи 26 жылдан бери элди алдаганды өздөштүрүп алгандар түрдүү нерселер менен элдин добушун алышат. Бирок, эл эч кимге деле ишенбейт. Болгону, “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык”- деген принцип менен жашайт. Элди акча берип бузуп коюшту. Азыр эл миң сомдон берсе, “негрди” деле шайлап коёт. Акчанын азабынан ушундай акыбалга келдик. Анын үстүнө элде жакырчылык, жумушсуздук, кайдыгерлик, ишенбөөчүлүк.

– Өмүрбек Бабановдун берген убадасына аз болсо да ынансак болобу?

– Кыргызстанды өнүктүрүүнү аз убакытта эмес, Назарбаевдей болуп “30-50 жылда” деп айтса реалду болмок. Биздин экономика газ, нефть чыкпаса, завод, фабрика жок болсо, эч нерсе өндүрбөсөк экспорт-импорттун абалы тиги болсо  анан кайдагы өнүккөн мамлекет тууралуу кеп кылабыз?

– Бакыт Төрөбаевдин айткандарычы?

– Башкаларга салыштырмалуу мен Бакыттын айткандарын туура көрүп турам. Анткени, президент үнөмдөөнү өзүнөн башташ керек. Баардыгын кыскартыш керек, 120 депутаттын кичинекей Кыргызстанга кереги жок. Чынында Кыргызстанга 7 областан 10дон 70 эле депутат жетет. Толтура министр, губернатордун, акимдин 450 айыл өкмөттүн эмне кереги бар? Буларды кыскартпааск билинбегени менен бюджеттин баары ушуларга эле кетет.

– Эмне үчүн Кыргызстанда президенттик шайлоо болот десе эле мүмкүнчүлүгү бары да, жогу да каттоодон өтүп, президент болгонго ашыга беришет?

– Кыргызбыз да, баары табиятынан башкарганды, папка көтөргөндү жакшы көрөт. Башкаргыбыз келген сапат каныбызда бар. Ошон үчүн шайлоого аттанып жаткан талапкерлерди бир топко бөлүп карасак туура болот. Биринчиси, 26 жылдан бери президенттикке талапкер болуп, “дүжүп” болуп калгандар. Экинчиси – “атың чыкпаса, жер өрттө” дегендер. Үчүнчүсү, бийлик атайлап, кимдир бирөөнү өткөрбөш үчүн ошол региондон койдуруп, реалдуу талапкерге тоскоолдук уюштуруу үчүн каржылап берет. Төртүнчүсү, чыныгы президент болом дегендер. Маселен, Жээнбеков, Бабанов, Төрөбаев, Сариев. Негизги таймаш ушулардын ортосунда болот.

– Мурдагыга салыштырмалуу бу сапар аялдардан да президентикке ат салышчулар көбүрөөк болот экен. Бул нерсе эмнеден кабар берет?

– Аялдардын президентикке талапкер болуп көбүрөөк каттала баштаганы демократиядан кабар берет. Мындан чочулабай деле койоск болот. Бул жакшы жышаан, жакшы көрүнүш. Бирок, өкүнүчтүүсү – бүгүнкү акыбалды, саясый  кырдаалды, менталитетти, аялдардын коомдогу ордуна баам салып, реалдуу караганда аялдар капа болушпасын, президенттикке өтө алышпайт. Бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы ушундай.

– Сиздин баамыңызда президент сүрөгөн адам ийгиликке жетеби же башка адамга президенттик так буйруйбу?

– Ким бийлик ишенген талапкер болсо, анын чөнтөгүндө бир миллионго жакын добушу болот. Булар маммекемеде иштегендер, ошолордун тууган-туушкандары, мугалимдер, врачтар, соттор, күч органдары, министерлик, ведмство кызматкерлери жана башкалар. Андан тышкары административдик ресурс колдонулуп, мамимараттар, транспорт, адам ресурстары баары бийлик сүрөгөн талапкер үчүн шарт түзөт. Кыскасы, бийлик сүрөгөн талапкерге оңой болот. Бийлик менен алакасы жок талапкерлерге кыйын эле болот. Бийлик бийликтигин кылып, болгон мүмкүнчүлүктүн баарын колдонот.

– Эмне үчүн башка мамлекеттерде реалдуу атаандаштар гана шайлоого аттанат. А бизде болсо, көзү ачыгынан баштап чыныгы президенттикти көздөгөндөргө чейин катышат?

– Дүйнөлүк практикада өнүккөн өлкөлөрдө 2 эле негизги партия болот. Бири бийликке келсе, экинчиси оппозицияда калат. Башкача айтканда, мыйзамдын негизинде утканы менен утулганы орун алмашкан туруктуу система,  салттуулук орун алган. Аларда мыйзамдуулук 200-300 жылдан бери каккан казыктай орноп калган үчүн чыныгы реалдуу талапкерлер гана чыгат. Анткени, алардын саясый маданияттуулугу, жашоо дээңгели, аң-сезими, акыл-эси дегендей көптөгөн бизде жетишпеген критерийлер бар. Биз алардын деңгээлине жетиш үчүн кеминде 200-300 жыл керек. Ичип, жеп атып, сатып, качып кеткен бийликтердин дээңгели менен.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: