Билимди жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдиргендей, быйыл Кыргызстандагы жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 54,9 пайызы 110 баллдык босого чектен өттү. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 5 пайызга жогору. Быйылкы тестирлөөдө эң жогорку көрсөткүч 236 балл болгон. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бул жылы Кыргызстан боюнча 62 миң бүтүрүүчү 11-классты, 92 миң бүтүрүүчү 9-классты аяктады.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ