Menu

Сооронбай Жээнбеков Афганистандын Президентине этникалык кыргыздарга паспорт берүү маселесин чечкендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ,  6-июлда, Афганистандын Президенти Ашраф Гани менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында CASA-1000 долборуна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинин алкагында өттү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Ашраф Ганиге Памир  аймагында жашаган этникалык кыргыздарга паспорт берүү көйгөйүн чечүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Афганистандын бийлигине 2016-жылдын октябрында оогандык  кыргыздарга гуманитардык жардам жүгүн жеткирүүдөгү жардамы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кыргыз тарап CASA-1000 энергетикалык долбоорун ишке ашырууга ар тараптуу кызыктар экендигин ырастады. Аталган долбоорду ишке ашыруу аркылуу Афганистан аймактык энергосистемага кошуларына ишенимин билдирди.

Афганистандын Президенти Ашраф Гани  CASA-1000 долбоорунун катышуучу өлкөлөр менен энергетика тармагында жана санариптик технологиялар чөйрөсүндө анын ичинде “Таза Коом” долбоорунун алкагында кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.

“Биз тарап Кыргызстандын аталган долборду ишке ишке киргизүү боюнча демилегесине  чын ниеттен колдоо көрсөтөт “, – деп белгиледи  Афганистандын өкмөт башчысы.

Ошондой эле Ашраф Гани билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады. Анын ичинде афган студенттеринин Кыргызстандын жогорку окуу жайларында түрдүү адистиктер боюнча билим алуусун билдирди.

Афганистандын Президенти  белгилегендей, CASA-1000, Digital CASA сыяктуу эле газ жана темир жол  тармагында аймактык долбоорлордун ишке ашырылышы менен өлкөлөр ортосундагы өз ара товар алмашуунун  көбөйтүү мүмкүнчүлүгү  артарын  белгиледи.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков учурдан пайдаланып, Афганистан Ислам Республикасынын Президенти  Ашрафа Ганини Кыргызстанда 2017-жылдын 25-августунда өтүүчү ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк II форумга катышууну кабыл алууга чыкырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: