Menu

Дайыр Кенекеев кимге иштээрин билбей башы катып атыптыр

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев президенттик шайлоодо кимге иштеп берээрин билбей алдастап жатканынан кабарыбыз бар. Президент ким болуп калат деп чочулап да турган жайы бар. Саясатта дагы эле бышып жетиле элек Кенекеевге тандоо кыйын болуп турат окшойт. Алгач Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясында эле, кийин СДПКга секирип кеткен. Бирок «Катын чыккан жерин төркүнсүйт» болуп, СДПКда жүргөнү менен Бабановуна кайра бара албай бери жактагылары менен, азил-чыны аралаш айтканда кайын журту менен мамиле кылып жүргөн, өткөнгө өкүнүп Бабановдон кечирим сурай албай. Катын күйөөдөн чыккандан кийин деле төркүнсүп кайнене-кайнатасы менен катташа берет го. Кенекеевдин кыймыл-аракети дал ошондой болду. Таластын жигиттери намыскөй, сөзгө бекем, көкжал болот дечү эле. Көрсө аларың деле «ак көңүл турбайбы». Ошол сөздүн кыскасы, эми Сариевдин этегине эрмешкиси келип калган окшойт. Же жөн калбай анын да көңүлүн алып коёюн дегенби…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: