Menu

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат: “Жаңы мыйзам боюнча ким 1,5 млн шайлоочуну 1 миң сомдон 1,5 млрд сомго сатып алса эле ошол президент болуп шайланып калат”

Бөлүшүү:

“КР Президентин жана депутаттарын шайлоо тууралу мыйзамга жакында кошумчаланган нормалар парламент тарабынан кабыл алынып, президент тарабынан кол коюлду. Бул жаңы норма боюнча президенттикке талапкердин шайлоо фондусунан чектөө алынып салынды. Акчаң болсо шайлоо фондун чексиз көбөйтө берсең болот. Бул деген эми өтө бай киши гана президент боло алат дегендик”, – деп билдирди кечээ, 6-июлда экс-депутат Жылдыз Жолдошова Сөз эркиндигин коргоо комитети өткөргөн “Президенттик шайлоону ММКларда чагылдыруунун актуалдуу маселелери” аттуу форумда.

“Менин оюмча бул бир бай адамдын заказы боюнча жасалды. Ал адам азыр президенттикке талапкер. Бүгүнкү президенттик шайлоолордун практикасы боюнча Кыргызстанда кайсы талапкер 1,5 миллион адамдын добушун алса ал президент болуп шайланып калат. Эми ал бай талапкер 1,5 миллион жаранды мыйзамдуу түрдө үгүтчү кылып, келишим түзүп, ар бирине 1000 сомдон берип, “сен эч кимди үгүттөбөй эле кой, сен өзүңдү-өзүң үгүттөп, шайлоо күнү өзүң эле мага добуш бересин” деп макулдашып, добуштарды кыйыр түрдө сатып алса 1,5 миллиард сом акчасы кетет экен. Мындай бош акча Кыргызстандагы президенттикке талапкерлердин бирөө-экөөсүндө эле бар. Эми эң бай адам эле президент боло алат. Бул туура эмес киргизилген норма болду. Президенттикке талапкердин шайлоо фонду 36 миллон сомдон ашпаш керек деген норма киргизилиш керек”, – деди Жылдыз Жолдошова.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: