Menu

Эгиз төрөлгөн баланын бирин врачтар уурдап алышканбы?

Бөлүшүү:

Балыкчыда Данияр Чыбыевдин жубайы Махабат Намазбекова 6-июнда көз жарган. Ата-эне эгиз төрөлгөн ымыркайлардын бирөөнү алып коюшту дешип врачтарды айыптап, тиешелүү органдарга даттанышты. Анткени Махабат төрөгөнгө чейин сегиз жолу УЗИ аппаратына түшүп, сегизи тең эгиз бала деп көрсөткөнүн, бирок доктурлар бир эле бала төрөлдү дешип, бир эле баланы колуна карматканынан шектенип жатат. Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Тилек Айдаралиева эгиз бала болбогонун, УЗИ жаңылыш көрсөтүп коюшу мүмкүн экенин айтып актанууда. Балыкчыдагы төрөт үйүндө болгон мындай чырлуу окуяга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги комиссия түзүп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Министрлик эгер медицина кызматкерлеринин күнөөсү болсо жашырбай турганын, айыптуулар жооп бериши керектигин билдирди. Буга дейре министр Талантбек Батыралиев төрөт үйлөрүндө иштеген врачтар камкор дегенди айтып жатты эле, эми эмне деп чыгаар экен?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: