Menu

Аттуу-баштуулардын курултайдан-курултайга “айттаганы” саясий маданиятпы?

Бөлүшүү:

Учурда президенттик шайлоонун шарапаты менен тигиге да, буга да жакшы көрүнүп, аттуу-баштуу саясатчылардын, коомдук ишмерлердин курултайдан-курултайга “айттаганы” коомчулуктун көңүлун бурууда. Бишкекте өткөн саясий иш-чараларга партия мүчөлөрүнөн сырткары Досбол Нур уулу, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Артур Медетбеков, Курманбек Осмонов, Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу төбөсү көрүнгөн саясатчылар, коомдук ишмерлер катышып жатат. Айрым серепчилер муну курултайга салмак кошуу аракети деп белгилесе, башкалары бул көрүнүштү саясий маданияттын калыптануусу катары карашат экен. Бирок бир эле саясатчынын улам бир кандидаттын курултайына катышып, кимиси болсун сен татыктуусуң деп далыга таптаганын айрымдар саясий сойкулук катары да баалашууда. Мисалы, “Ата-Журт” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев “Ак Шумкардын” курултайында: «Кудай буюруп, Алла таалам колдоп, эли-журтубуз кубаттап, мамлекеттин башына келип кала турган болсоңуз бүткүл коомубузду бириктирет деген ойдомун», – деп сөз сүйлөгөн. Кийин ушундай эле мазмундагы сөзүн “Өнүгүү-Прогресстин” жыйынында кайталады: «Кудай буюруп, Алла таалам колдоп, сиз мамлекетибиздин башына келип калсаңыз кыргыз элим эч качан өкүнбөйт деп ойлойм», – деп айтты.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: