Menu

Ташкенттин базарларындагы күтүүсүз антитеррордук машыгуулар коомчулукту кабатыр кылды

Бөлүшүү:

Ташкенттин дүң базарларындагы антитеррордук машыгуулар коомчулукту кабатыр кылып, “террор коркунучу жогору” деген айың кептер тарады. Бирок Өзбекстан ИИМи бул Терроризм жана экстермизм менен күрөшүү башкы башкармалыгынын атайын бөлүктөрүнүн машыгуулары экенин билдирди.

Атайын кызматтын жана ички иштер органдарынын кызматкерлери Ташкенттеги дүкөндөрдү, контейнерлерди атайын техника жана иттердин жардамы менен тинтүүгө алышкан. Операция учурунда курулуш базарларынын бири жабылган.

–Негизинен чоң пластик баштыктарды, коробкаларды карашты. Тешкерүүчүлөр өзүлөрүн абдан токтоо алып жүрүштү, болгону бизге: “Чебердегиле, калганына биз жооп беребиз, кабатыр болбогула” дешти. Бирок эмне себептен кабатыр болбошубуз керектигин айтышкан жок,-деди соодагерлердин бири.

ИИМ жана дүң базарлардын администрациясы машыгуу тууралуу алдын ала маалымат берген эмес. Буга байланыштуу эл арасында ыктымал террор тууралуу кеп тараган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: