Menu

Кыргызстан Өзбекстанга электр кубатын экспорттой баштады

Бөлүшүү:

Кыргызстан жай мезгилинде электр энергиясын экспорттоо боюнча Өзбекстан менен макулдашты. Улуттук энергетикалык холдинг 16-июндан 4-июлга чейин коңшу өлкөгө 192,5 миллион киловатт-саат электр кубатын жеткирди. Келишим боюнча октябрга чейин 1,25 миллиард киловатт-саат экспорттоо пландалууда.

Холдингдин маалыматы боюнча, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн аны экспорттоо маселеси быйыл февралда талкууланган. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6-июлда 18,78 миллиард куб метрге жетти. 22-июлга карата ал максималдык көрсөткүчтү – 19,5 миллиард куб метрди түзүшү ыктымал. Эгер суу ашыкча топтолсо, плотинадан сууну коё берүүгө туура келет.

Өзбекстан үчүн электр тарифи киловатт-саатына эки центти түзүүдө. Электр кубатын экспортоо боюнча келишимге октябрга чейин кол коюлган.

Чет өлкөлүк насыялардын эсебинен өлкөдө “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясы курулуп, Токтогул ГЭСи, Бишкек Жылуулук электр борбору жаңыланууда. 2018-жылы январдан тарта өкмөт CASA-1000 долбоорун ишке ашырып, электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга экспорттоону көздөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: