Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун «МедаСот» чырына байланыштуу кызматтан кеткенин коомчулук жакшы билет. Бирок бул маселе көңүл сыртында калып келген. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» демекчи, эми бул иш да калкып чыкканы калды көрүнөт. Байболов Өмүрбек Текебаевдин сотунда көрсөтмө берип, «МедаСот» компаниясынын башчысы Азат Базаркуловду жалганчы атады. Буга “Альфа Телеком” (МедаСот) компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов сотто көрсөтмө берип жатып 2010-жылдын август айынын аягында, сентябрдын алгачкы күндөрүндө Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Кубатбек Байболов чогуу тамак ичип жатканын көргөнүн айтканы себеп болгон. Эми кимиси калп айтып жатканын тиешелүү укук коргоо органдары аныктайт деңизчи, бирок Байболов кыйпычыктай баштаганына караганда абалы анча эместей.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ