Menu

Турак-үйлөргө кооптулук жараткан Кара-Кулжа дарясынын жээктерин бекемдөө үчүн ӨКМ техника бөлдү

Бөлүшүү:

Кара-Кулжа районунда 2017-жылдын 6-июлунда 1-Май айылынын Булбул чегинде КР ӨКМ тарабынан турак-жайларды коргоо максатында курулган 1010 метрлик дамбанын төмөн жагынан Кара-Кулжа дарыясынын нугу сол жээкке толугу менен бурулуп, жээкти 4 метрге чейин жар кылып жеп, натыйжада 6 турак-жайга 25-30 метрдей жакындап, коркунуч келтирген.

Ошондой эле, Биймырза айылындагы Асфальт-бетон завод чегинде райондук кургак учук ооруканасын, турак жайларды, АБЗны, айыл чарба жерлерин коргоо максатында курулган 385 метр дамбанын төмөн жагынан (дамбанын өзүн эмес, дамба курулган жерлер корголгон) Кара-Кулжа дарыясынын нугу бурулуп, дарыянын сол жээгин жеп, 2 турак үйгө 100м аралык калган. Турак жай куруу үчүн берилген чектерге 20 метр калгып, айыл чарба иштерине коркунуч келтирүүдө.

Кооптуулук жараткан аймака КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана айыл аймактык Жарандык коргоо комиссиясы барып, 1-Май айылындагы 6 турак-жайдын тургундары (15 адам) айыл аймак тарабынан убактылуу туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Андан сырткары Кара-Кулжа дарыясынын жээктерин бекемдеп, суунун нугун буруу иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн түштүк борборунан 1 бульдозер жана 1 эксковатор бөлүндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: