Menu

Ташкент Рогун ГЭСин куруу боюнча позициясын жумшартты

Бөлүшүү:

Ташкент «Рогун ГЭСинин курулушуна каршылыгын билдирбейт», бирок долбоорду ишке ашырууда Өзбекстандын улуттук кызыкчылыктары эске алынышы керек. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов Ташкентте өткөн эл аралык пресс-клубдагы түз байланыш маалында билдирди.

Министр эки өлкө Рогун ГЭСинин курулушуна байланышкан маселеде бир пикирге келиши зарыл экенин айтып, тажик бийлиги курулуштун экологиялык кесепеттерин эске алышы керектигин белгиледи.

Өзбек ТИМ башчысы аймакта суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча эксперттик сүйлөшүүлөр жакынкы убакта башталат деп үмүттөнүп жатканын билдирди. Ал суу көйгөйлөрүн чечүүгө эң ылайыктуу вариант катары Борбор Азия үчүн БУУнун аймактык борбору тарабынан иштелип чыккан суу бөлүштүрүү конвенциясын атап, аймактын башка өлкөлөрүн документти болушунча тез арада карап баштоого чакырды.

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун тушунда Ташкент Рогун ГЭСинин курулушуна толугу менен каршы экенин билдирип келген. Өлкө бийлиги ГЭСтин курулушу менен дарыянын агымы азая турганын жүйө келтирген. Ислам Каримов анын «плотинасы жарылып кетсе экологиялык катастрофа болуу коркунучу» бар экенин айтып келген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Рогун ГЭСинин курулушун баштоо салтанатында өлкө эч кимди суусуз калтырбай тургандыгын белгилеген.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: