Menu

Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусундагы жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөдү

Бөлүшүү:

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бейшемби, 6-июлда,  Ош облусуна  болгон иш сапарында 2017-жылдын апрель айында Өзгөн районунда орун алган  жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүнүн  жүрүшүн текшерип чыкты.  Мухамметкалый Абулгазиев жаңы үйлөрдүн курулушуна бөлүнүп берилген жер тилкелерин өздөштүрүү боюнча  жүргүзүлүп жаткан иштердин жүүрүшү менен таанышты. Бүгүнкү күндө бардык жабыркаган тургундарга жер үлүштөрү толугу менен бөлүнүп берилди. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Зергер жана Жалпак-Таш айылынын жашоочулары көчүп барган Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участогун карап чыкты. Участоктун аянты 175 га, ар бир жабыркаган үй-бүлөгө 8 сотка жер бөлүнүп берилген.

«Учурда бул участокто убактылуу жол салынып, электр жарыгы өткөрүлдү жана ичүүчү суу менен камсыздалууда. Көчүп келген тургундар үйлөрдүн пайдубалын салып, дубалдарын көтөрүүдө. 349 тонна цемент жеткирилди, курулуш материалдары Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык заводдор менен болгон жеке  сүйлөшүүлөрдүн негизинде заводдун баасынан төмөн сатылууда», — деп билдирди Өкмөттүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов.

Ошондой эле Мухамметкалый Абулгазиев Ичке-Сай жана Аюу-Сай айылдарынын жабыркаган жашоочуларына бөлүнгөн аянты 43 гектар болгон Төрт-Күл айыл аймагынын Ана-Кызыл участогун карап чыкты. Таалайбек Сарыбашов белгилегендей, Ана-Кызыл участогуна электр жарыгы жана сугат суусу өткөрүлдү, ичүүчү суу жакын арада өткөрүлөт, андан кийин  жабыркаган айылдардын жашоочулары көчүрүлүп келинет. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бул участоктордо 275 окуучуга ылайыкталган эки мектеп бир эле мезгилде курулушу башталарын белгиледи. «Ал үчүн Өкмөт тарабынан 130 миллион сом бөлүндү. Жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган бардык райондорунда социалдык объектилерди куруу боюнча жумуштар башталды, котловандар казылды. Эң башкысы, 2017-жылдын ноябрына чейин биз мектептерди даяр кылып, колдонууга өткөрүп беришибиз керек», — деп белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга 2017-жылдын июль айынын аягына чейин электр энергиясын, ичүүчү жана сугат суусун өткөрүү, бөлүнгөн жер участокторунда жол салуу боюнча зарыл болгон үү жумуштардын баарын тездетип, аяктоо тапшырмасын берди. Мындан тышкары, Мухамметкалый Абулгазиев кырсыктардан жабыркаган Зергер айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, суроолорго жооп берди. Андан соң биринчи вице-премьер-министр Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы жабыркаган жарандарга бөлүнгөн жер үлүшүн карап чыгып, жаратылыш кырсыктан жабыркаган Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылында альтернативалуу жолдун курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү. Ошондой эле Курбу-Таш айылында жер көчкү басып калган мектептин ордуна курула турган мектеп үчүн бөлүнгөн участокту карап чыкты. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жабыркаган аймактардын жашоочуларына үй курууга бөлүнүп берилген жер участокторунун инфраструктурасы боюнча маселе бардыгын, муну  Өкмөт убагында чече турганын убада кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: