Menu

Ош шаарындагы аймактык кеңештердин тургундары жана легерде эс алган балдар КР ӨКМ тарабынан окутулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары тарабынан бекитилген потенциалдуу коркунучу бар аймактарда жашаган калкты жеринде барып окутуу мерчемделген. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Анын негизинде 2017-жылдын 3-июлунан 5-июлуна чейин Ош шаарынын №12 Курманжан-Датка аймактык кенешинин Эдельвейс, №11 “Жибек-Жолу” аймактык кенешинин 222-кварталынын жана №5 Керме-Тоо аймактык кеңешинин 218-кварталынын жергиликтүү калктары менен «Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар» жөнүндө жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурда өздөрүн алып жүрүү эрежелери, ошондой эле азыркы күнү маанилүү болгон “112” бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматы боюнча окуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле аймактык кафедранын окутуучулары Курманжан Датка аймактык кенешинин аймагында жайгашкан “Жеткинчек” балдар эс алуучу лагеринде эс алып жаткан балдар үчүн сууда жүрүү эрежелери боюнча жана жайкы мезгилде кара курт, жылан жана башка чагуучу курт-кумурскалар көбөйгөндүгүнө жана ушул мезгилде уусу күчүнө кирип чакканда адам өмүрүнө катуу зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү бар болгондугуна байланыштуу, алдын алуу, өздөрүн сактоо боюнча окуулар өткөрүлүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Эс алуучу балдардын арасындагы 1-6-класстарынын окуучуларына түшүнүктүү жана балдардын эсинде кала турган маалыматтарды берүү максатында, аларга видеороликтер жана мультфильмдер көрсөтүлдү, ал эми 12-14 жаштагы балдар арасында противогазды кийүү эрежелери боюнча инструктаж өткөрүлүп, андан кийин туура жана так убакытта кийүү боюнча конкурс өткөрүлдү.

Окууга жалпысы болуп 122 адам катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: