Куралдарды октору менен мыйзамсыз жүгүртүү кылмышын алдын алуу максатында элдин арасында ыкчам түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлүп жатат. Бул иш-чаранын жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган “Калашников” тутумундагы 2 автомат, “Макаров” үлгүсүндөгү 2 тапанча, “ТТ” үлгүсүндөгү 1 тапанча жана 2 ревальер, 3 магазин 13 огу менен алынды. Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Ош шаарынын жашоочусу 25 жаштагы Ж. Ч. өз ыктыяры менен 9 мм “Макаров” тапанчасын бир магазини менен тапшырды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы бидирет.
Жогорудагы фактыга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (мыйсамсыз ээлик кылуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, ташуу же ок атуучу куралдарды ок-дарылары менен, жарылуучу заттарды, жарылуучу түзүлүштү колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Иликтөө иштерин жүргүшүндө 1982-жылы туулган Ош областынын Өзгөн районунун жашоочусу П. Т. аттуу жарандан АКСУ-74 үлгүсүндөгү бир магазини бир огу менен “Калашников” автоматы алынган. Бул фактыга жогоруда көрсөтүлгөн берене боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле 12-июнь күнү саат 23:00до чамасында ыкчам-иликтөө иш-чарасын өткөрүү учурунда Ош шаарынын Масалиев проспектисинде жайгашкан “Ош Ойл” май куйуучу жайдын жанынан Ош шаарынын Амир-Темур кичирайонунда жашаган 41 жаштагы П. У. аттуу жаран өз эрки менен өчүрүлгөн номери менен “ТТ” үлгүсүндөгү тапанчасын 3 огун тапшырган. Азыркы убакта текшерүү иши жүрүп жатат.
Ал эми Ош шаарынын Саргалчаев көчөсүндө жайгашкан баңгизаттарды көзөмөлдө кызматынын мурдагы мекемесинин сейфинен күбөө катары кылмыш ишинде катыштыгы бар “Макаров” тутумундагы 9 мм тапанчасын эки огу менен оролгон бойдон табышкан. Чогултулган материал Ош шаарынын прокуратурасына берилди.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча ИИМдин тергөө башкы башкармалыгы тарабынан тийешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары көрүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ