Menu

Кыргызстанда 2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу Концепциясы бекитилди

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу Концепциясын бекитүү жөнүндө” Өкмөттүн токтомуна кол койду. Аталган Концепция Кыргыз Республикасынын айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча алдыңкы багыттарын ишке ашырууга багытталган. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Концепциянын негизги максаты – айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн тынымсыз көбөйтүү, жердеги азык заттардын балансын жакшыртуу жана туруктуу түшүмгө ээ болуу. Концепциянын алдыңкы багыттары – жагымдуу экологиялык шартты сактап калуу, интенсивдүү жер иштетүүнү ишке ашыруу үчүн жер үлүштөрүн кеңейтүү. Концепцияны ишке ашырууну каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, бул Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы аркылуу аныкталган булактардан каржыланарын белгилей кетүү зарыл.

Каржылоонун кайсы бир бөлүгү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жер үлүштөрүнүн ээлеринин жана башка кызыкдар тараптардын эсебинен аткарылат. Концепцияны ишке ашыруу 2020-жылга карата айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүүсүнүн туруктуулугу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн 15-20% өсүшүн, калктын социалдык-экономикалык жана экологиялык шарттарынын жакшырышы, агрохимиялык, гидромелиоративдик, агротокоймелиоративдик жумуштардын аркасы менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө алып келет.

Мындан тышкары, бул Концепцияны ишке ашыруу атамекендик экологиялык жактан коопсуз минералдык семирткичтер жана мелиоранттардын өндүрүшү менен ар түрдүүлүгүн камсыз кылат. Концепцияны ишке ашырууну көзөмөлдөөнү айыл чарба тармагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүп жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткарат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: