Menu

Өзбекстан-Тажикстан достугу тууралуу документалдык тасма тартылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий сайтына «Өзбекстан-Тажикстан: убакыт менен сыналган достук» деп аталган документалдык тасманы жайгаштырды. Тасма «O‘zbekiston» мамлекеттик телеканалы тарабынан даярдалган.

«Өзбек жана тажик элдеринин ортосундагы мамилелер бул кечээ же бүгүн эле пайда болгон жаңы реалдуулук эмес. Алар көптөгөн кылымдар бою руханий, диний жана маданий жактан жуурулушуп келишкен», – деп башталат эки өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий жана руханий байланыштарына арналган документалдык тасма.

Анын авторлору Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун «Тажиктер менен өзбектер — эки башка тилде сүйлөгөн бир эл» деген сөзүн пайдаланышкан. Эки элдин тарыхый түбү, маданий-руханий жалпылыгын тасмадагы эксперттер да белгилешкен.

Өзбекстан ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Илхамжан Негматовдун айтымында, акыркы убакта Өзбекстандын коңшу өлкөлөр, анын ичинде Тажикстан менен болгон мамилелеринде чоң өзгөртүүлөр болууда. «Эки өлкө президенттеринин Самарканддагы жолугушуусу, жакындагы телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү, Эр-Рияддагы жолугушуусу жана андагы жакшы маанайдагы баарлашуусу мамлекеттер ортосундагы мамилелердин бардык тармактар боюнча өнүгүшүнө чоң түртү болду», — деди ал.

Анткен менен тасмада Тажикстандын аймагында жайгашкан Фархад ГЭСи боюнча Өзбекстандын дооматтары айтылган. ГЭС менен эки өлкө тең пайдаланганы менен расмий түрдө ал Өзбекстанга таандык. Өзбек бийлиги аны модернизациялоого 100 миллион АКШ долларын жумшоого да даярданууда. Тасмада ГЭСтин курулушуна өзбек адистери жана Өзбекстандын 70 миңден ашык жашоочусу катышканы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: