Menu

Жогорку Нарын каскадын чех компаниясы курат

Бөлүшүү:

Чехиянын компаниясы Кыргызстанда Жогорку Нарын каскадын жана бир катар чакан ГЭСтерди курат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимге бүгүн, 10-июлда кыргыз тараптан Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, чех тараптан Liglass Trading CZ. SRO ишканасынын директору Михаел Смелик кол коюшту.

Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев да катышып, бул келишим башка европалык инвесторлордун Кыргызстанга келишине түрткү болорун билдирди.

Келишимге ылайык, чех компаниясы 2020-жылга чейин Жогорку Нарын каскадын, Акбулуң ГЭСин жана дагы он чакан ГЭС курат. Зилалиевдин ырасташынча Liglass Trading CZ. SRO компаниясы орусиялык “Русгидро” ишканасы Жогорку Нарын каскадынын башталгыч курулушуна сарптадык деген 37 миллион долларды да кайтарып берүүнү мойнуна алат.

Жогорку Нарын каскадын Орусия кура баштаган, бирок кийин баш тарткан. Долбоор 727 миллион долларга бааланган эле. Чех тарап болсо бул каскадды бүткөрүүгө 500 миллион доллар кетерин болжолдоп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: