Menu

Шоноевдин өлүмүнө жогорку кызматтагы кишилер аралашканбы?

Бөлүшүү:

Полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө жогорку кызматтагы кишилердин катышы бардыгын атасы Курманбек Шоноев айтып чыкты. Полковниктин атасы президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, баласынын өлүмүнүн бетин ачып берүүнү өтүндү. Ал бул туурасында: «Менин уулумду ал иликтеп жаткан кылмыштын бетин жабуу үчүн өлтүргөн. Ага криминал, укук коргоо органдары жана мансаптуу жетекчиликтин дагы катышы бар. Ошондон улам, бул кылмыштын бети төрт жылдан бери ачылбайт» – деп билдирди.

Эскерте кетсек, ИИМдин буйрутма адам өлтүрүүлөр жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Толкунбек Шоноевди Кара-Суу районундагы үйүнүн алдында 2013-жылдын 11-январында атып кетишкен. Кийин бул кылмыш боюнча Кадырбек Досонов кармалган. ИИМдин маалыматында, Кадырбек Досонов уюшулган топтун мүчөсү. Ага адам өлтүрүү фактысынан сырткары курал-жаракты мыйзамсыз сатып алуу, сактоо жана кылмыштуу топту түзүү айыбы дагы тагылган. Бирок ал Кара-Суу райондук соту тарабынан акталды.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: