Menu

Кыргызстандагы Интерпол мыйзамсыз миграцияны уюштуруп эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранды кармады

Бөлүшүү:

Жакында Кыргыз Республикасынын Интерполдун улуттук коопсуздук бюросу ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Чүй облусунун ИИББси менен бирдикте ыкчам-иликтөө иш чарасынын натыйжасында Интерполдо эл арлык издөөсүндө жүргөн жаран кармалды. Издөө сунушун Казакстан Республикасынын Астанадагы Интерполдун улуттук борбордук бюросу киргизген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 9-июлунда Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын рейд учурунда Казахстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 394-берененин 3-бөлүгүнө (мыйзамсыз мигранттардын уюм) ылайык кылмыш ишине шектелген Казахстан Республикасында Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Кытай жараны Д.З. аттуу кармалды. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча иштөөгө уруксат берүүчү, туруктуу жашаган жери жана башка жасалма документтерди жасап жүргөн. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен мыйзамсыз жол менен алган документтерге ээ болгондордун саны көп болушу мүмкүн деп божомолдонууда.

Казахстан Республикасына мыйзамсыз мигранттардын келүүсү 2015-жылдан баштап 2016-жылга чейинки мезгилди камтыйт. Кылмыштуу топтун бир бөлүгү катары милдетин аткарып, ал чет өлкөлүк жарандарды (негизинен кытай жарандары) чакырып, Казахстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүү, чыгуу боюнча жасалма документтерди берип жүргөн. Д.З. аттуу шектүү 2016-жылдан бери укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн. Белгилүү болгондой кармалган учурда өздүк документтери жасалма экендиги аныкталып жана көрсөткөн паспортунун жеке номуру башка адамга таандык болуп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде эл аралык издөөдо жүргөн адам Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалган. Азыркы убакта кармалган адамды өткөрүп берүү жолу чечилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: