Menu

Сот өкүмү чыкты. Адилеттик жеңеби?

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунда ачык сот отуруму болуп өттү. Сот айыпталуучу Кубат Садырбековду КРнын кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-10 п. менен күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратты. Маалыматтарга караганда, соттолуучу К.С. Садырбеков 2016-жылдын 28-декабрында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну Т.А.Рабаев менен кезиккен. Ортодо түшүнбөстүктөр жаралып, бири-бири менен уруша кетишкен. Мас абалындагы К.С.Садырбеков Т.А.Рабаевди бетке муштап, жерге жыгылып калган учурда өзүн токтото албай аеосуз түрдө бетке, башка тепкилеп, жабырлануучунун денесине оор залал келтирген. Натыйжада Т.А.Рабаев окуя болгон жерде эсине келе албай каза болгон. Муну сотко келген бардык күбөлөр да далилдеген. Адам өмүрүн алган окуя боюнча райондук сот адилет чечим чыгарды. Өкүмгө нааразы тарап он күндүн ичинде облуспук сотко кайрылууга акысы бар. Эгер, иш кайрадан облустук сотто карала турган болсо, алар деле адилеттикти колдойт деген ишеним бар. Кандай болгон күндө дагы биздин кабарчылар бул ишке тыкыр көз салып турмакчы.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: