Президенттик шайлоодо үгүт өнөктүгүн чалгылдырууга Борбордук шайлоо комиссиясы 258 жалпыга маалымдоо каражатын каттады. Бул тууралуу ишембиде БШКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шайлоо комиссиясына өлкөдөгү 260 маалымат каражатынан шайлоону чагылдыруу боюнча арыз түшкөн. БШК “Жигер” жана “Нур-Пресс” аттуу эки маалымат каражатын каттоодон баш тартып, калган 258 ЖМКны каттады. Алардын ичинде 56 телеканал, 29 радио, 116 гезит-журнал, 57 интернет басылма бар.
Кыргызстандын шайлоо мыйзамына ылайык, президенттик шайлоодо үгүт өнөктүгүн чагылдырууну каалаган маалымат каражаттары Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүүгө тийиш.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ