Menu

Нарында жүргөн сел турак үйлөрдү каптады

Бөлүшүү:

Жумгал районунун Куйручук айыл аймагында 2017-жылдын 9-июль күнү саат 16:40 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон агып түшкөн сел суулар Сары-Байтал жана Шилбили участкаларында айдоо аянттарындагы айыл-чарба өсүмдүктөрүн жана көп жылдык чөптөрүн каптаган.  Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Ошондой эле, 5 турак-жайдын короолоруна сел суулары кирген жана Соң-Көл жайлоосуна баруучу унаа жолдун айрым жерлерин жеп, унаа каттамы жабылган. Мындан сырткары Кайырма каналынын 2 чакырымы, Кара-Суу каналынын 1 чакырымы, Дөөлөт-Арык каналынын 5 чакырымы кум шагылга толуп калган.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Райондук Жарандык коргоо комиссиясы жана жергиликтүү ыктыярдуу куткаруучулардан 8 адам. Жарандык коргонуунун н инженердик кызматынан 1 жүктөгүч, 2 хово, 1 эксковатор тартылган.

Бөлүнгөн техникалардын жардамында унаа каттамын калыбына келтирүү жана кум шагылга толуп калган короолорду, каналдарды тазалоо иш-чаралары жүрүүдө.

КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 800 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилген. Кабак айыл аймагында 2017-жылдын 10-июль күнү саат 20.00 чамасында жаап өткөн нөшөрлүү жамгырдын натыйжасында Кызыл-Коргон айылында сел агымы пайда болуп, Жалгыз-Тал сайынан суу ашып, 7 турак үйдүн короо сарайларын каптаган.

Кытай Эл Республикасына тиешелүү Чайна Роад жол куруу компаниясына таандык 1 экскватор жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

Бөлүнгөн техниканын жардамында суунун нугун коопсуз жакка буруу иш-чаралар жүрүүдө.

Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагында 2017-жылдын 10-июлунда саат 02:40 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, натыйжада Баетов-Кош-Дөбө унаа жолунун 6-чакырымында сел өткөрүүчү көпүрө шакекчесине батпай, унаа жолго зыян келтирген.

Андан сырткары Баетов-Кош-Дөбө унаа жолунун 5-чакырымында сел суулары жүрүп, натыйжада 6 даана бетон шакекчелерин агызып, унаалардын өтүүсүнө кооптулук жаралган.

КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам топ, райондук Жарандык коргоо комиссиясы жана № 15 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 2 хово тартылган.

КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан барган ыкчам топ сел кеткен жерлерде уюштуруу жана түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүшүүдө.

Тартылган техникалардын жардамында Кош-Дөбө унаа жолунун 6- чакырымы толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.

Ал эми Кош-Дөбө унаа жолунун 5-чакырымында тазалоо жана клыбына келтирүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Конорчок айыл аймагынын Коңорчок айылын аралап өткөн Коңорчок сайы аркылуу суу агымы көп келип, натыйжада жээк дамбаларына зыян келтирип, сайдын жээгиндеги 5 турак-жайдын короосуна суу кирген.

Ошондой эле, Ак-Сай участкасындагы 2016-жылы ЖЧК “Империя групп” ишканасы тарабынан курулган Ак-Сай каналынын 8 чакырымы жараксыз абалга келген. Жээктерди бекемдөөгө подрядчик тарабынан 1 ЮМЗ эксковатор тартылган.

Тартылган техниканын жардамында суунун нугун буруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ак-Чий айыл аймагы. Жаңы-Тилек айылындагы 13 турак-жайдын короосуна, 9 турак-жайдын жер төлөсүнө суу кирген.

Сууну тосуу үчүн айыл аймагынан 20 ыктыярдуу куткаруучу топ тартылып айылдагы мектептин суу сордуручу (мотопомпа) куралын колдонуп, турак-жайлардын жер төлөсүндөгү жана короолорундагы сууларды сордуруп, тазалап беришкен.

Үгүт айыл аймагынын Байгөнчөк айылынын түштүк–чыгыш тарабындагы коктудан сел жүрүп, 2 турак жайдын короолоруна суу кирген.
Селдин кесепетин жоюу ишине айыл аймактан 6 ыктыярдуу куткаруучу топ тартылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: