Menu

Фото – Түсү менен өзгөчөлөнгөн белгилүүлөр

Бөлүшүү:

Көзү менен дүйнөнү багынткан Абаш

Эрик Лаффорг аттуу саякатчы эсинде калган учуру катары Эфиопиядагы сейрек кездешүүчү жаш бала менен жолуккан учурун айтып келет. Абаш аттуу жаш баланын күйүп турган асман өңүндөгү көздөрүнөн Эрик Лаффорг алгач көргөндө чочуп кеткенин айткан. Саякатчы бул бала жөнүндө кенен билгиси келип изилдөө жүргүзгөндө, 300 миң адамдын бирөөндө кездешүүчү Ваарденбург синдрому менен жабыркаары белгилүү болгон. Эрик Лаффоргдун жардамы менен Абаш белгилүү асман көздүү бала болуп дүйнөгө аты чыккан.

Сепкил беттүү сулуу

Америкалык модель Никиа Феникс бетиндеги майда кара тактарынын жашоосун башка багытка буруп койгондугун айтып келет. Бетинин чаар ала болгондугуна уялбастан, тескерисинче көпчүлүктөн айырмалуу экендигине сүйүнөт. Никиа кафеде кофе ичип отурган жеринен “Alternative Apparel” компаниясынын жетекчилигинен бирөө көрүп калып чогуу иштешүүгө чакырган. Ошол күндөн тартып белгилүү рекламалык компаниялардын жүзү болуп келүүдө.

Түн ханышасы

Суданда жарыкка келген Ниаким Гатвеч терисинин сейрек кездешүүчү өңү менен моделдик карьерасын баштап, сенсация жаратып жаткан учуру. 24 жаштагы африкалык моделди терисинин өңүнөн улам “Түн ханышасы” деп аташууда. Ниаким каралыгынан улам бир топ шылдың сөзгө да кабылып, баарына чыдап келгенин жашырбайт. Сулуу селки терисинин өңүн “бекем ишенимдин жана чоң сыймыктын түсү” деп эсептейт. Ал: “Мен эч кимге окшошпойм. Бул жөн эле көрүнүш эмес, бул Кудайдын берген белеги”, — деп сыймыктанып турат. Ниаким учурда АКШда жашап, подиумга чыгып, кара түстүү кыз-келиндердин укугун коргоп келет.

Кара барби

16 жаштагы Лола Чуил Лос-Анджелесте мектепте окуйт. Лола терисинин өзгөчөлүгү менен дүйнөнү таң калтырган кыздардын бири. Анын терисин көмүрдөй кара деп атап келишет. Бул өзгөчөлүгү менен белгилүү болуп “Кара барби” аткан конгон Лола 8 тилде эркин сүйлөөрүн да баса белгилеп коюшубуз керек.

Ала оорусуна чалдыккан модель

Канадалык фотомодель Винни Харлоу витилиго оорусу менен жабыркап келет. Бул оору теридеги пигменттердин бузулушу. Азырынча бул ооруга даба табылбагандыктан, Винни кол куушуруп отуруп калбай бул нерсени өзгөчөлүк катары алып чыгууну каалаган. Бул тилеги ишке ашып «Топ-модель по американски» аталышындагы ток-шоуга катышып, ал жерден 6-орунга илинген. Бул баштапкы ийгилигинен кийин келечектеги моделге сунуштар биринин артынан бири түшө баштаган.

Кокустан белгилүү болгон Томпсон

Карьераны эч ойлобогон Стивен Томпсон, келечекте ийгиликтүү адам болуп калаарын сезбесе керек. Кайсы бир фотографтын ийгиликтүү сүрөттөрүнүн бирине кокусунан түшүп калган Стивен жылдыз болуп чыга келген. Ал фотограф сүрөттөрдү журналдарга таратып жүрүп Стивендин сүрөтү талашка түшүп калат деп ойлогон эмес. 2011- жылы Стивен “Givenchy” мода үйүнүн жүзү болууга жетишкен. Бул күндөн тартып Стивен Томпсондун өзгөчө сулуулугуна зарыл болгондор көбөйүүдө.

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: