Menu

Стамбулда өзбекстандык эки кыз сексуалдык кулчулуктан куткарылды

Бөлүшүү:

Түркия, АКШ жана Орусия өлкөлөрүнүн активисттери Стамбулда кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган өзбекстандык аялдан Хорезм жана Фергана облустарынан барган эки кызды куткарышты. Чет өлкөлөрдөгү сойкуканаларды жетектеген аял Стамбулга кыздарды бала багуучу жумушуна орноштурам деп алдап алып барган.

5-июлда Өзбекстандын Хорезм облусунун 25 жаштагы тургуну Халима Хайитбаева IMO мессенджери аркылуу Санкт-Петербургдагы мурдагы жумуш берүүчүсүнө билдирүү жазып, аны Түркияга бала багуучулук жумушка чакырган аял сутенер экенин билдирген. Бул окуя коомчулукка белгилүү болгондон кийин дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндөгү активисттер биригип аны куткарууну чечишкен.

Маалыматка караганда, 8-июлда Түркиядагы жеке күзөт кызматтарынын биринде иштеген хорезмдик бала Халима Хайитбаеваны куткарууга жетишкен. «Хайитбаева дагы бир курбусу менен үйдөгү кийимдери менен качып чыгышты. Азыр алар коопсуз жерде. Эми жардам сурап Өзбекстандын Стамбулдагы консулдугуна кайрылганы жатышат», – деди ал.

Кыздарды куткарууга катышкан дагы бир активисттин айтымында, алар Халима Хайитбаевадан тышкары сутенерлордун колуна 20 күн мурда түшкөн ферганалык Мадина аттуу дагы бир кызды куткарышкан:

– Мадина дагы Халима сыяктуу эле Стамбулга алданып келгенин айтты. Кыз Түркияга келгенде сутенерлор аны бул жакка алып келүүгө 4 миң доллар короткондуктарын айтып, ал сумманы карыз катары кыздын моюнуна илишкен. Мадина 20 күндүн ичинде 15-20 кардарды тейлеп, 3 миң доллар карызынан кутулган. Андан соң ал Халима менен бирге качып кеткен. Азыр кыздын Өзбекстанга кайтып баргысы келип жатат, бирок жакындары Стамбулдагы окуясын билип калат деп коркуп жатат, – деди активист.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: