Menu

Тажик бийлиги Сириядан «жихадчылардын» кайтып келишине тынчсызданууда

Бөлүшүү:

2015-жылдан бери «Ислам мамлекети» тобуна Тажикстандын 1141 жараны кошулуп, 300гө жакын тажикстандык жоочу Сирия менен Ирактагы согуштарда курман болсо, 70и мекенине кайтып келген. Бул тууралуу Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун төрага орун басары Сайфулло Сафаров билдирди.

Тажикстан бийлиги өткөн жылы Сирия менен Ирактагы согуш талааларынан өз каалоолору менен кайтып келип, бийликке багынып берген 60 адам тууралуу маалымат тараткан. Алардын көбү өлкөнүн Кылмыш кодексиндеги 401-берененин негизинде кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.

Мындай өзгөртүү Тажикстан парламенти тарабынан 2015-жылы жактырылган. Бирок күнөөсүн моюуна албай, багынып бербеген жоочулар 12 жылдан 20 жылдык мөөнөткөн чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Сайфулло Сафаровдун айтымында, тажик бийлиги ИМ тарапта сөгушуп жүргөн өлкө жарандарынын кайтып келүүсүнөн чынында эле чочулап жатат. «Тажикстанда туруксуздук болуп кетсе Сирия менен Ирактан өз каалоолору менен кайтып келип, бирок камакка алынбаган жарандар бийлик үчүн чоң баш оору болушу мүмкүн. Ошондуктан өлкө жетекчилиги Тажикстандагы тынчтыкты сактап туруу зарыл экенин түшүнүп, күнөөсүн сезип кайтып келген жоочуларды жылуу тосуп алууда», – деди ал.

Акыркы айларда ИМдин жүздөгөн «жихадчылары» Ооганстандын аймагына өткөнү кабарланууда. Алардын көбү өз мекенине жакыныраак, Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен түндүк райондоруна жайгашышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: