Бүгүн, 11-июлда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын съезди болуп өттү. Анда сөз сүйлөгөн саясатчы, экс-спикер Ахматбек Келдибеков “Мадумаров президенттикке татыктуу талапкер, колдойбуз” деп билдирди жана съезддин делегаттарын Мадумаровдун талапкердигин колдоого чакырды
“Биз азыркы адилетсиз бийлик, адилетсиз жашоо-турмуш менен күрөшүү үчүн бириктик, ага каршы туруп күрөшүү үчүн биригүүнү чечтик. Элибиз колдоп берсе ийгиликке жетебиз”, – деди Келдибеков
Ошондой эле экс-спикер кийинки жумада, 18-июлда “Ата-Журт” саясый партиясынын да съезди өтөрүн кошумчалады.
https://www.youtube.com/watch?v=x73ejyOHrlo
Видео: pressa 2017
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ