Menu

Ысык-Көлдө 16-17 жаштагы үч бала 6 жаштагы баланы зордукташканы үчүн камакка алынды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 16-17 жаштагы  үч бала 6 жаштагы баланы зордукташты деп шектелип камакка алынды. Бул туурасында бүгүн 11-июлда АКИ пресске маалымдалган.

2017-жылдын апрель айында жабырлануучунун кошунасы болуп жашаган шектүүлөрдүн бири 6 жаштагы баланы конфет менен азгырып, чоң энеси менен бирге жашаган өз үйүнө алып келип зордуктап салган.

“Май айында болсо ал өзүнүн эки досуна бул тууралу айтып, алар да мындай ишке макул болушкан. Үчөө баланы азгырып чакырып алып, ага физикалык жактан күч колдонушуп, бул жолкусунда үчөө зордуктаган. Кийин дагы бул ишти кайталашкан, ошол акыркы жолку окуядан кийин зордукталган бала ата-энесине айтып салган да, алар дароо милицияга билдирген” – деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында милиция 16 жаштагы эки, 17 жаштагы бир баланы (жайлоодо качып жүргөн жеринен) кармашкан. Маалыматка ылайык үч шектүү тең кылган кылмыштарын мойнударына алышып, өздөрү да айтып беришкен.

Учурда кармалгандар СИЗОго киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: