Белорусиянын президенти Александр Лукашенко өзү төрөлгөн Александрия кыштагында “Купалье” фестивалына катышты. Бул жылы өлкө президентинин жанында чиновниктер менен кичүү уулу Колядан башка дагы кара чачтуу, сулуу бийкеч да отурду. «Наша Нива» басылмасынын жазганына караганда, ал кыз 21 жаштагы модель жана студентка Кристина Неверо, ал бир нече жолу көптөгөн конкурстардын лауреаты жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулган президенттик балдын катышуучусу болгон.
БРСМ өкмөттүк жаштар уюмунун сайтында жарыялангандай Кристина комсомолка, активистка жана болочоктогу финансист.
Төмөндө Александр Лукашенко уулу Николай, вице-премьер Николай Корбут жана модель Кристина Неверо менен.
gazeta.ru сайтынан кыргызчаланды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ