Menu

Министрлик Балыкчы төрөтканасындагы чыр боюнча иликтөөсүн аяктады

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министрлиги Балыкчы шаарында эгиз баланын бири төрөт учурунда жоголгон болушу мүмкүн деген арыз боюнча иликтөөсүн аяктады. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, атайын түзүлгөн комиссия окуя болгон жерге барып, андагы бардык медициналык документтер менен таанышып чыккан.

Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө арыз менен кайрылган жаран төрөтканага каттоого турганда медициналык китепчесине эгиз бала күтүп жаткандыгы жазылганы аныкталган. Бирок төрөтканага жаткырылгандагы жазууларда эгиз балдар тууралуу эч маалымат болгон эмес. Кийинчерээк ал жазуулар алмашып, УЗИнин протоколдору да ар башка болуп чыккан.

Медиктер адистерге УЗИ туура эмес маалымат берген болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарышпайт. Айтымдарында, эски аппараттар сапаттуу визуализацияга жөндөмдүү эмес.

«Төрөт маалында 3 килограмм 250 граммдык бир эле кыз төрөлгөн. УЗИнин кош бойлуулуктун ар кайсыл мезгилиндеги сүрөттөрү жок экендигине жана ал боюнча стационардагы жазуулардын эки ачакей болгондугуна байланыштуу, аялдын эгиздерди же бир эле баланы көтөрүп жүргөндүгүн так аныктоо мүмкүн болгон жок», — деп айтылат комиссиянын корутундусунда.

Балыкчыдагы бул окуя тууралуу июлдун башында белгилүү болгон. Шаар тургуну Данияр Чыбыев жубайы Махабат Намазбекова июндун башында көз жарганын, ага чейин сегиз жолу УЗИ аппараты эгиз бала деп көрсөткөнү менен доктурлар бир эле бала төрөлдү деп айтканын билдирген.

Бирок дарыгерлер эгиз бала болбогонун, төрөт маалында аял эсин жоготпогунун жана бардыгын көрүп турганын айтышкан.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: